Таласта он бир кызматкер кармалды

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга берилүүчү акчаны республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, бул кылмышка Социалдык камсыздоо министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын Н.Н., Ч.Л., Х.Л., К.Т., С.Г. аттуу кызмат адамдары жана «Кыргызпочтасынын» Талас райондук филиалынын Т.С., А.Г., И.З., К.Д., Б.С., Д.Ф. аттуу кызматкерлери шектелип, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337 (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346 (Кызматтык жасалмачылык) жана 379-беренелери (Документтердин жасалмалоо) боюнча айып тагылган.

Бул иш боюнча айыпталуучулар 7 млн 11 миң 586 сом зыяндын ордун толтуруп берген. Иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.