Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Маалыматта, ушул жылдын 12-апрель күнү милицияга жаран Ш.И. арыз менен кайрылып, Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук “Део-Тико” үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгын билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
“Өзгөн РИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш ишин козгошкон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү кармашкан. Алар, мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен 1990-жылы туулган Т.Р. болуп чыкты.
Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
![2484094c 7e17 43a3 93ec 20d9fb9dceb7 Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/2484094c-7e17-43a3-93ec-20d9fb9dceb7.jpeg)
![b5b5b4a8 0a62 445b 8793 584beba1fda6 Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/b5b5b4a8-0a62-445b-8793-584beba1fda6.jpeg)