Казакстандык генерал-майор Серик Күдебаевдин иши боюнча Кыргызстанда кылмыш иши ачылды

Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаевдин чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев билдирди.

Ал Күдебаевдин иши боюнча Түркиянын укук коргоо органдарына да өтүнмө жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Марттын аягында айрым басылмалар полициянын мурдагы башчысы Кыргызстан аркылуу Түркияга учуп кеткенин жазышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча бул 23-мартта болгон. Кийин өлкөнүн Чек ара кызматы Серик Күдебаев чек арадагы өткөрмө-бекеттерден расмий чыкпаганын кабарлаган. Мекеме Күдебаев чек араны тоолор аркылуу ашып кеткен болушу мүмкүн деп эсептейт.

Январь окуялары учурунда Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы, 58 жаштагы милициянын генерал-майору Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында Күдебаев үй камагында болгон. 3-апрелде ал сотко барган