Бүгүн Азия чемпионатында беш балбан күрөшөт

Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде бүгүн, 13-апрелде эркин күрөш боюнча кыргызстандык беш балбан таймашка чыгат.

Маалым болгондой, бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештин биринчи күнүндө Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков, Орозбек Токмамбетов, Адилет Маратбаев, Арсланбек Турдубеков күч сынашат.

Кармаштар саат 12:00до башталат. Беттештерди КТРК-Спорт каналынан көрүүгө болот.

57 кг (квалификациялык айлампа)

Алмаз Сманбеков – Мухаммад Билал (Пакистан)

65 кг (квалификациялык айлампа)

Улукбек Жолдошбеков –  Хловел Ван Адольфо (Филиппин)

70 кг (1/8 финал)

Орозбек Токмамбетов –  Перман Хоммадов (Түркмөнстан)

79 кг (квалификациялык айлампа)

Адилет Маратбаев – Хидир Сайпудинов (Бахрейн)

97 кг (квалификациялык айлампа)

Арсланбек Турдубеков – Дипак Дипак (Индия)