Өткүрбек Жамшитовго карата кылмыш иши козголгон эмес

Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго карата кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жамшитовго карата эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Буга чейин Курманкул Зулушев мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жана УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге карата кылмыш иши козголгон эмес экенин билдирген.