“Эмаком” компаниясы өзүм билемдик менен мыйзамсыз салган курулуш бузулду

Түштүк Магистралдагы жайгашкан мыйзамсыз деп таанылгандыктан обьект бузулууда. Көп кабаттуу курулушту “Эмаком” компаниясы өзүм билемдик менен мыйзамсыз салып алган. 

“Эмаком” компаниясынын директору Джусупов Эрланбек Жогорку Кеңештин депутаты Джусупов Эмилдин бир тууганы болот. 

Джусуповдордун бир тууганы Ош шаардык кеңештин депутаты Джусупов Мелис, ага таандык делген “Дастан Курулуш” курулуш компаниясына дагы былтыр прокуратура тарабынан иш козголгон.