Кемпир-Абад иши боюнча дагы төрт адам камактан чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Мамбетжунус Абылов, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу  Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи май райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен алардын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Бүгүн ошондой эле, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн.