ИИМдин өкүлү: “Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгон эмес”

Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурунку жетекчиси Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгонбу? Мындай суроону Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттеринин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу ИИМдин өкүлүнө суроо берди.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун айтты.

«Ички иштер министрлиги Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш ишин козгогон эмес», — деди ал.

“УКМК иш козгодубу?” – деп сурады Коргонбай уулу.

УКМКнын өкүлү аларда кылмыш иши жок экенин айтты.

“Ал эми Башкы прокуратура тараптанчы? — деп тактады депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, эки адамга кылмыш иши козголгон эмес, окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди. Коргонбай уулу алар өз талапкерлигин коюп, Ленин райондук кайра шайлоого катыша ала тургандыгы тууралуу суроо салды. Буга Башкы прокурор аларга эч кандай кылмыш иши козголбогондуктан, аларды эч ким чектей албастыгын айтты.

Белгилей кетсек, Кашкар Жунушалиев – мурунку ички иштер министри, Орозбек Опумбаев — УКМКнын экс-төрагасы. Экөө тең Бишкектеги Октябрь окуясынан кийин издөөгө алынган.

2020-жылдын декабрь айында Жунушалиев менен Опумбаевдин ишин Аскердик прокуратура иликтеп жатканы кабарланган.