Үч басылманын маараке-көргөзмөсү ачылды

“Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70 жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык маараке-көргөзмөсү ачылды. Иш-чара бүгүн, 11-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада жарык маанайда өттү.

img 8006 1500x1000 1 Үч басылманын маараке-көргөзмөсү ачылды

Анда “Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70 жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган, алардын тарых-таржымалын чагылдырган “Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” аталышындагы көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов, мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова, Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов ж.б. катышты.

Министр Каныбек Иманалиев мугалимдин билими аркылуу келген үч басылманын кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар экендигин белгилеп, “Кут Билим” гезити Исхак Раззаковдун жеке Жарлыгы менен ачылгандыгын айтты.

“Бүгүн мааниси жагынан кылымга тете майрам. Анткени “Эл агартуу” журналы Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаевдин кыргыз элине калтырып кеткен мурасы, керээзи. СССР доорунда Орто Азиядагы эң күчтүү орус тилин таануучулар “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналында болгон. Акыркы бир кылымда Кыргызстандагы мугалим, директор, окумуштуу, ректор, академик, эл жазуучусу, эл акыны, драматург жана башкалардын бүт өмүрү ушул үч басылма менен байланышкан. Аталган үч басылмасыз кыргыз интеллигенциясынын асыл муунун элестетүү мүмкүн эмес. Бул басылмалар – кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы. Адатта журналисттер бири-бири менен атаандаш болот, булар үч бир туугандай бири-бирин толуктап турат”, – деди министр.

Ошондой эле, аталган көргөзмөдө мурунку билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова сөз сүйлөп, аталган басылмаларга катталуу маселесин айтып, басылмалардын санын көбөйтүү жагына көңүл буруу керектигин белгиледи.

2023-жылдын 7-апрелинде “Кут Билим” гезитине 70 жыл толду. Ошондой эле өткөн кылымда 1928-жылы негизделген кыргыз тилиндеги биринчи журнал “Жаңы маданият жолунда”, азыркы “Эл агартуу” журналына май айында 95 жыл болот. Ал эми “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналына январь айында 65 жыл болду.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги үч басылманын редакцияларын бириктирип, “Кут Билим” медиа борборун түзгөн.

Улуттук китепканадагы көргөзмө педагогикалык басылмалардын мааракесине арналган иш чаралардын алгачкысы. Жыл соңуна чейин бардык билим берүү мекемелеринде педагогикалык басылмалардын тарыхы менен ишмердигине арналган тематикалык бурчтарды уюштуруу, чыгармачылык жолугушууларды, конференцияларды өткөрүү сыяктуу иш-чаралар каралууда.

105fc27a f42a 4fd1 a26a 8b8cec6016fe Үч басылманын маараке-көргөзмөсү ачылды