УКМК: Кызматкерге 35 миң АКШ доллар пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну О.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады.

«Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ef58b173 0dfc 4d1f b611 fa981d87d767 УКМК: Кызматкерге 35 миң АКШ доллар пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды

a57bbcef 81ee 48f1 ae05 4cbc6f89f01e УКМК: Кызматкерге 35 миң АКШ доллар пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды