
Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач Медет кызы кореялык балбанды 43 секундда жеңип алды. Ал эми жарым финалда Япониянын спортчусунан дагы күчтүү болду.
Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.