Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

 Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач Медет кызы кореялык балбанды 43 секундда жеңип алды. Ал эми жарым финалда Япониянын спортчусунан дагы күчтүү болду.

Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.