Он адам шайлоого аттанды

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны онго жетти жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-апрелге карата БШКга арыз менен 10 талапкер кайрылган. Алар:

1. Булекбаев Эркин Касымович;

2. Кунакунов Максат Касымжанович;

3. Арзыкулов Марат Замирбекович;

4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович;

5. Камбаров Мирлан Адилбекович;

6. Иманкулов Бекзат Муратович;

7. Абдылдаев Азат Шералиевич;

8. Калыков Улугбек Абдисатарович;

9. Исмаилова Карачач Джумаевна;

10. Сакиев Нурлан Казыбекович.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.