Жумушта кулап көз жумган жигит Royal Construction курулуш компаниясында иштеген

Бишкекте 21 жаштагы курулушчу курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан кулап каза болду.

Маалым болгондой, окуя 8-апрель күнү саат 15:30да Коенкөзов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал ооруканага жетпей каза болгон.

Окуя Royal Construction курулуш компаниясына тиешелүү объектте болгон.

Маалыматка ылайык, 2002-жылы туулган маркум К.у.Б. аларга мындан төрт күн мурун эле досу менен чогуу ишке орношкон. Жумушка киришер алдында аларга коопсуздук чаралары тууралуу эскертилген.

Маркумдун жакындары милицияга курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.