
Бишкек шаарында жер казып иштеп жаткан эки жаранды топурак басып калып, бири каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, 8-апрель күнү Ленин райондук Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номерине кабарланган.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Ошол жерден 1992-жылы туулган К.Б. уулу каза таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

