Бишкек шаарында жер казып иштеп жаткан эки жаранды топурак басып калып, бири каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, 8-апрель күнү Ленин райондук Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номерине кабарланган.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Ошол жерден 1992-жылы туулган К.Б. уулу каза таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
![340165759 171054929190233 1324625578580564552 n Жер казып жаткан 2 адамды топурак басып калып, бири каза болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/340165759_171054929190233_1324625578580564552_n.jpg)
![340089421 617830493120897 1101729496850903087 n Жер казып жаткан 2 адамды топурак басып калып, бири каза болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/340089421_617830493120897_1101729496850903087_n.jpg)