Москвада кыргызстандык жаран 60 млн рублга алданды

Москвада кыргызстандык жаран шылуундарга 60 миллион рублун алдатып жиберди. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын 32 жаштагы жараны 60 миллион рубль чогултуп, аны швейцариялык франкка алмаштырууну жана андан ары криптавалютага салууну каалаган. Кыргызстандык жаран Telegramдан акча алмаштыруучу жайды тапкан, ага Сущевский Валдагы пункттун дарегине келүүнү айтышкан. Ал жакка келип, ал акчаны кассирге тапшырган, бирок ал эсептөөчү машинанын бузулуп калганын айтып, арткы бөлмөгө кеткен. Акча алмаштырууга келген адам аны күтүп турган бирок кийин ал алданып калганын түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Акча алмаштыруучу жай жасалма экени аныкталган. Орусиялык ири банкты көрсөткөн жазуу жасалма болуп чыккан.

Милиция алдамчыларды издеп жатат.