Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салууга катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргызстандын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи.

“Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары — энергиянын ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булагы болуп саналат. Бул керектөөчүлөр үчүн арзан, эң негизгиси айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяны жок. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – бул биздин өлкөнүн энергетика тармагынын келечеги”, — деди министрлер кабинетинин башчысы.

642d95665a64d Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулат
642d956b78436 Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулат
642d956314d71 Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулат