
Социалдык тармактарда Москванын Таган районундагы коомдук тамактануу жайларынын биринде ооз ачып жаткан эмгек мигранттары, анын ичинде кыргызстандыктар массалык түрдө кармалган.
«Элчиликтин көмөгү менен жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгында кармалган КРнын бардык жарандары Россиянын аймагынан административдик чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонулбастан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда кармалгандардын тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалымат тастыкталган жок.