
Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-мартта милицияга А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 24-мартта болжол менен саат 23:00до белгисиз адамдар Чүй менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп, 6,5 миң сомдук Samsung А52 телефонун жана 2 миң сом акчасын тартып алган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 2004-жылы туулган Ч.Н. жана 2008-жылы туулган Т.С. аттуу жарандарды кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы текшерилүүдө.