Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев үй камагына бошотулду

Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсүнүн 5-апрелде Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылган өтүнүчүнүн негизинде үй камагына чыккан. 

11-мартта Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Кайрат Чокеевди СИЗОго киргизген Аламүдүн районунун соту, кайра эле ошол тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына бошоткон. 

Белгилей кетсек, Токмок шаарында “Яндекс.Такси” компаниясынын өкүлчүлүгү ачылып, анда Токмок шаардык кеңешинин эки депутаты – Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимов, ошондой эле депутаттын бир тууган агасы “Люкс” таксисинин ээси Саид Абраимов такси компаниясынын өкүлдөрүн коркутуп, жабууну талап кылышкан. Коркутуулардан кийин кеңсенин ээси аны “Яндекс.Такси” менен ижара келишимин токтоткон.