Аксыда эшектердин терисин сыйрып кетишкен

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда талаада эшектердин массалык түрдө өлтүрүлүп, терисин сыйрып, алып кеткен тууралуу видео тарады.

Видеодо тургун союлуп кеткен эшектерди тартып, 18ин санаган.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 5-апрелине караган түнү Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагынын Жарбатыр участкасындагы колотто, белгисиз адамдар 18 баш эшектерди союп, терилерин алып кетип калышкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал Аксы РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.