Таласта кайгуул күзөт кызматы тарабынан он миң сомдук велосипедди уурдаган адам кармалды

Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таласта кайгуул күзөт кызматы тарабынан велосипед уурдоого шектүү кармалган.
“Талас ШИИБне шаар тургуну 1971-жылы туулган. Ч. Р. арыз менен кайрылган. Анда 2-апрель күнү болжолу менен саат 21:00 чамасында Талас шаарында жашаган үйүнөн “Урал” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Арыз Талас ШИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Натыйжада арыз ээси Ч. Рга 10 500 сомдуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында шектүү аныкталган. Ал Талас районунун 1976-жылы туулган Б.С. аттуу жаран экендиги такталып, тергөөгө камсыз кылынган. Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.