Султанбай Айжигитов: “100 миң сомду байлар алууда”

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн берилип жаткан каражаттарды колунда барлар алууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон берилип жатат.

«Жер-жерлерде акчаны кедейлер эмес, колунда барлар алып жатканы боюнча кабарлар келип жатат. Өкмөт жалпы 10 миң жакыр үй-бүлөгө убада кылгандыктан, каражатты баарына берүү керек. Эгерде ушундай улана берсе, анда чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн», — деди ал.