Россиянын Эмгек сиңирген артисти, “Модерн” театрынын актёру Владимир Левашев 72 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Левашев «Модерн» театрында 20 жылдан ашык кызмат өтөп, сахнада көптөгөн образдарды чагылдырган, өз тармагында чыныгы профессионал, ар кайсы муундагы театр актерлорунун досу жана насаатчысы болгон.
1950-жылы 18-июнь күнү туулган. «Модерн» театрында «Укук», «Эски үй», «Кичинекей ханзааданын сапары» спектаклдеринде ойногон. «Жайдын аягында», «Склифосовский» тасмаларында роль жараткан. Актёрлуктан тышкары профессионал үн актеру менен алектенген «Астерикс жана Обеликс Британияда», «Улуу Гэтсби», «Күтүлбөгөн саякат» сыяктуу тасмалардын каармандардын үндөрүн жаздырган.