ВИДЕО. Айыл чарба министринин орун басарына депутат “үч” деген баасын берди

Акбөкөн Таштанбеков бүгүн, 3-апрелде, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин отурумунда Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовго мектеп күндөлүгүн сунуштады.
Депутат мурда бул орун басардын Баш мыйзамды билбегендигине байланыштуу “эки” деген баа берилгенин айтып, күндөлүк белекке берди.

“Бул жолу мен үч коём. Биз бул жерде жеке маселелерин чечпейбиз. Жакшы бааларды каалайм! Президент силерге жогорку беш деген баа гана берсин!” – деди депутат.