Митингге чыгууга тыюу салуу 1-июлга чейин узартылды

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген, анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган. Акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

  1. «Ала-Тоо» аянты;

2.Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;

3.Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;

4.Панфилов паркында;

5.Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;

6.Жогорку Соттун алдында;

7.Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;

8.УКМК имаратынын жанында.