Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүндө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды

     УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-03 аймактар аралык бөлүмүнүн (Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү) кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталган.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
      "Кара-Кулжа районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Ж. калкты каттоо тармагында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жарандардан системалуу түрдө мыйзамсыз акча каражатын талап кылганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
      Чогулган материалдардын негизинде, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармылыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жогоруда аталган кызмат адамына КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу)  боюнча кылмыштын белгилеринин негизинде айып тагылды.
      Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.