Баңгизаттарды саткан адамдарды уруп-сабоо видеосу боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

“Урматтуу жарандар, урматтуу социалдык тармактардын колдонуучулары!
Баңгизаттарын сатуучуларды сабап жаткан видео Интернет мейкиндигине жайылууда.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат республикада жана анын чегинен тышкары жашаган жарандарга туруктуу негизде кайрылат, андыктан жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелер боюнча өтүүдөн сак болуңуздарды маалымдайбыз.
Бул багытта бардык зарыл болгон маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө, бирок буга карабастан жарандар жумуш издеп баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда.
Баңги кылмыштары дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн!
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын демилгеси менен өзгөчө оор кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.
Баңги кылмышынын курмандыгы болгондор Бишкек ш., Токтогул көч., 80 (Тел.: 660616, 660244) дареги боюнча кызматка кайрылсаңыздар болот. Анонимдүүлүк кепилденет”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесиндеги эскертүүсүнө ылайык, ушул статьяда каралган Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңгизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеси, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.
Эсиңизде болсун, Мыйзам сиз тарапта!

31cfdeb3 47ea 4b82 bffc 42ff2bae5a1c Баңгизаттарды саткан адамдарды уруп-сабоо видеосу боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду