Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп дайындалды

Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттан тастыкташты.

Активист коомдук башталышта иштей турганы маалымдалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

Маалым болгондой, “Эл үмүтү” саясий партиясынын мүчөсү Болот Ибрагимов коррупция боюнча кеңеш берет.