Транспорт министрлигинин алдындагы жолдо пайда болгон чуңкур жабылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жолдо пайда болгон чуңкур жолчулар тарабынан жамалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бир катар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдындагы кыш мезгилинде пайда болгон аң-чөнөктүн видеосу тараган.

3c02ac6f 11d6 4d6a b3ea 62de58807efb Транспорт министрлигинин алдындагы жолдо пайда болгон чуңкур жабылды

“Исанов көчөсүндө жайгашкан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдында аң-чөнөк пайда болгон тилке Бишкек шаарынын мэриясына таандык. Өлкөбүздөгү жолдордун бир бөлүгү муниципалдык жолдор болуп саналат жана өлкөнүн шаарларынын балансында туруп, аларды шаардык жол кызматтары тейлейт”, – деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2023 03 30 at 11 49 10 Транспорт министрлигинин алдындагы жолдо пайда болгон чуңкур жабылды