Караколдо жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Караколдо жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкеси мэриянын балансына өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан мэрияда муниципалдык жерлердин мыйзамдуу берилиши боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Каракол шаардык сотунун 2015-жылдагы чечими менен Кашка-Суу кичирайонунда жайгашкан 43 чарчы метр жер тилкеси Т.В.М. аттуу шаар тургунунун менчиги катары таанылып, “Кадастр” мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура 2021-жылы аталган соттун чечимине карата сотко апелляциялык сунуш келтирип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган жана аталган жарандын менчик укугу жокко чыгарылган.

Базар баасы 13,691 млн сомду түзгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтаруу максатында Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан шаар мэринин наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 43 чарчы метр жер тилкеси шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өттү.