Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Айтымбетов Ренат Калкабаевич жана Кийизбаева Жазгуль Ильичевна санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратына жаңы дайындалган санариптик өнүктүрүү министринин орун басарларын тааныштырды.

Ошондой эле жолугушуу учурунда башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулган  министрдин мурдагы орун басарлары Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыровду Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аппаратынын жамааты ардак менен узатышты.

whatsapp image 2023 03 29 at 11.25.57 1 Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды
1024x682xwhatsapp image 2023 03 29 at 11.27.58.jpeg.pagespeed.ic.qazMnI9zTC Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды
1024x768xwhatsapp image 2023 03 29 at 11.25.57.jpeg.pagespeed.ic.2wBqiZFsQ9 Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды