7 жаштагы өгөй кызын зордуктаган жаранга кылмыш иши козголду

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тиешелүү экспертиза дайындалганын маалымдайбыз, учурда комплекстүү соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоо маселеси чечилип жатат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Индира Саутова өгөй атасынын бузуку иштери тууралуу айтып берген 7 жаштагы кыздын ишин карап жатканын айткан. Ал иштин четке кагылганына нааразычылыгын билдирип, прокуратурага арыз менен кайрылган.

«Зордук-зомбулук 2021-жылы декабрда болгон, кыз 6 жашта болчу. Ал күнү апасы кичүү кызы менен ооруканада жаткан. Кыз өгөй атасы аны чечинтип, жыныстык катнашка барганын айтууда. Бул тууралуу айтуудан корккон. Себеби ал “эгер бирөөгө айтсаң, милицияга чалам, сени камашат” деп коркутуп, чоң атасын, чоң энесин, апасын өлтүрөм деп коркуткан”, — деген Индира Саутова.