
Бишкекте 2-апрелде быйылкы жылдын велосезонунун ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, веложүрүш «Ала-Тоо» аянты – Д. Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багы маршруту боюнча өтөт.
Катышуучулар «Ала-Тоо» аянтынан саат 9:00дө веложүрүшкө чыгып, ал Д. Асанов атындагы сейил багында саат 10:30да жыйынтыкталат.
Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, Велоfriends позитив KG бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурат.
Веложарыштан кийин сынактар өткөрүлүп, байгелер берилет.