Ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, УКМКнын жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен этаптуу ыкчам аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасы аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлгөндүгү айтылат.
“Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны К.О.А. Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып жүргөн.
Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө”
, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

WhatsApp Image 2023 03 27 at 06.59.19 2 Ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 03 27 at 06.59.19 1 Ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 03 27 at 06.59.19 Ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду