АКШда торнадодон 24 адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды, – видео

АКШда торнадодон 24 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Миссисипи штатында бороон-чапкын, катуу жамгыр жана мөндүр жааганын MIR 24 телеканалы билдирди. Дээрлик 17 миң адам электр жарыгысыз калды.

230325153819 04 mississippi tornado 032523 АКШда торнадодон 24 адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды, - видео

Эң күчтүү торнадо Миссисипи штатында кечке жуук болду. Силвер-Сити шаарына биринчилерден болуп сокку урулду. Андан кийин бороон түндүк-батыш багытында жылган. Диаметри бир километр болгон торнадо болжол менен 80 км/саат ылдамдыкта учуп, жолундагы бардык нерсени шыпырып кеткен.

Роллинг Форк шаары толугу менен талкаланган. 

Жабыркагандар дарыгерлерге кайрылууну улантууда. Азыр торнадо аяктагандан кийин анын кесепеттерин жоюу менен жергиликтүү бийлик алектенүүдө. Дээрлик 17 миң адам электр жарыксыз калды.

YouTube video