Боомдогу тамактануучу жайда чыккан өрт өчүрүлдү

Боомдогу «Кербен» тамактануучу жайда чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-март саат 12:55те Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.

336912207 3084565605182863 2657631642523041708 n 1024x768 1 Боомдогу тамактануучу жайда чыккан өрт өчүрүлдү
Б