Дыйкандар үчүн солярка 65 сомдон сатылууда

Дыйкандар үчүн дизель майы 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дыйкандарды колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясы аркылуу 3 млн литр дизель майы 65 сомдон сатылып жатат.

«Жакын арада кошумча дагы 3 млн литр дизель отуну берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, учурда Бишкекте дизель майы 72,9-74 сомдон сатылууда. Ал эми аймактарда баа андан кымбатыраак болот.