
Бишкек шаарында былтыр 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Улукбек Шаршенбек уулу табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-мартта Улукбек Шаршенбек уулу милицияга өзү келип, табылганы тууралуу билдирген. Буга байланыштуу издөө токтотулган.
Эскерте кетсек, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.
Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.