Мелис Тургунбаев экология министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.