
Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 2007-жылы туулган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.
Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын А.О. аттуу өспүрүм кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.