“Милиционермин” дегендер унаада отурган жаранды кармоого аракет кылган, – видео

Бишкекте өздөрүн милициянын баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы кызматкери катары тааныштырып, унаада отурган жаранды кармоого аракет кылган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга чыгарылды.

Видеону жарыялаган жаран билдиргендей, окуя 21-мартта саат 23:30да болгон. 5-6 адам унаасына келип, документтерин көрсөтпөй, унаада отурган жаш жигиттерге орой мамиле жасап, кол көтөрүүгө барган (бөйрөккө урган, сөгүнгөн). Бир маалда алардын бирөө анын видеого тартып жаткан телефонун тартып алып, чөнтөгүнө салып койгон. Нашаа табылганын айтышкан.

Ошол учурда видеону чыгарган жаран Милициянын кайгуул кызматын чакырган.

Аягында «милициябыз» деген адамдар эч нерсе таба албай, кетип калышкан.

WhatsApp Image 2023 03 23 at 09.48.37 1 "Милиционермин" дегендер унаада отурган жаранды кармоого аракет кылган, - видео