
Нооруз майрамы күнү өлкө аймагында 28 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-мартта өлкө аймагында 2608 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 138 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.
Алардын ичинен:
-Коопсуздук курун тагынбагандар 710 айдоочу;
-Унаа башкарууда тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар 31 айдоочу ;
-Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар 394 айдоочу ;
-Мас абалында унаа башкаргандар 28 айдоочу ;
-Башка эреже бузуулар 1445 .