“Үйлөргө 300 м аралык калган”. Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү

Бүгүн, 22-мартта саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 м аралык калган.

«Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында КР ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган. Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда.

Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

336893612 199361399396752 6127567978406999021 n "Үйлөргө 300 м аралык калган". Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү
337502342 146743091377576 6225549866522978279 n "Үйлөргө 300 м аралык калган". Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү