14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды

Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартта Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

«Бул факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыр тергөө иштери уланып жатат» — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.