
Бишкекте фармацевтикалык завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, заводдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
«Завод ишке киргизилгенден соң жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр», — деп айтылат билдирүүдө.