УКМК: Издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны кармалды

Бул тууралуу УКМкдан маалымдашты.

      Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.К. кармалган. 
      "Жогорудагы кармалган жаран жарандардын ишенимине кирип, КР УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.
      Азыркы учурда, аталган А.А.К. жасаган кылмыштарынын бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.