Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы Горький сейил багында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен камакта жаткан активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты.
Акцияга болжол менен 150-200 киши катышууда. Акциянын башында Аксы окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.
Митингдин катышуучулары Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашык адам мыйзамсыз камалганын айтып, аларды бошотууну талап кылышууда.
![image 12 3 Түз эфир: Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашык адамдын кое берилишин талап кылып, 150-200 адам митингге чыкты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-12-3.jpg)