
Москва районунда өз баласын ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалыматк ызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-мартта Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Москва районунун Крупский айылынын Октябрь орто мектебинин 6-классынын окуучусу, 2010-жылы туулган Д.К. аттуу өспүрүм бала өз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.
Аталган факт Москва РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинде (уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, Д.К. аттуу жаш өспүрүм баланын денесинде жаңы жана эски жаракаттар, анын издери табылып, ал 1989-жылы туулган Д.З. аттуу өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Москва районунун Крупский айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Д.З. аттуу жаран КЖПКнин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмыш иши боюнча бардык тийиштүү соттук-укутук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.
